Эшектерди Кытайга чыгаруу боюнча. Вице-премьер-министрдин кеңешчиси кармалды
RU

Эшектерди Кытайга чыгаруу боюнча. Вице-премьер-министрдин кеңешчиси кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

70 миң доллар пара талап кылган деген шек менен Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, ал КР өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын экс-жетекчисинен пара алган делип шектелүүдө.

УКМК белгилегендей, 2016-жылы Ы. Т.К., чет элдик ишкер С.С.дан эшектерди Кыргызстандан Кытайга алып чыгууга уруксат берүү маселесин чечип берем деп 70 миң доллар алган. Кийин С.С.га уруксат кагаздары көрсөтүлбөй, акчасы да кайтарылган эмес.

Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "Пара алуу" беренеси менен катталган.

2022-жылдын 14-майында УКМК акчанын бир бөлүгүн кайтарып бергенде кылмышка шектүү пара менен кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6701