Депутаттар комитеттин жыйынына келбей коюшту
RU

Депутаттар комитеттин жыйынына келбей коюшту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөлөрү бүгүнкүгө белгиленген жыйынга келишкен жок.

Комитетке мүчө болгон алты кишинин ичинен бирөө эле, комитеттин төрайымы- Динара Ашимова келгенине байланыштуу кворум чогулбай калды. Ал тыныгуу жарыялап, комитеттин бөлүмүнө депутаттарга телефон чалып, жыйынга келүүсүн камсыздап бергиле деп суранды.

Бирок бир канча убакыттан кийин да депутаттар жыйынга келишкен жок.

Белгилей кетсек, күн тартибинде алты маселе турган болчу. Алардын катарында "Билим берүү тууралуу" мыйзамы дагы. Билим берүү министрлиги иштеп чыккан мыйзам боюнча чечим өткон жумада да кабыл алынбай калган. Себеби анда а кворум чогулган эмес.

Комитеттин курамына төмөнкүлөр кирет:

  • Динара Ашимова - төрайым;
  • Гүлккан Молдобекова - төрайымдын орун басары;
  • Аида Исатбек кызы - төрайымдын орун басары;
  • Айбек Маткеримов -төрайымдын орун басары;
  • Айгуль Айдарова - комитеттин мүчөсү;
  • Жылдыз Садырбаева - комитеттин мүчөсү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6702