"Мага басым жасоонун кереги жок". Депутат Динара Ашимова министрге кайрылды
RU

"Мага басым жасоонун кереги жок". Депутат Динара Ашимова министрге кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинен "Билим берүү жөнүндө" жаңы мыйзам долбоорун сурамжылоо жолу менен колдоону суранган. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда комитеттин жыйынында аталган комитеттин төрайымы Динара Ашимова билдирди.

Анын айтымында, бөлүм башчы ага телефон чалып, сурамжылоо жолу менен долбоорду ишке ашырууну суранган. Ал баш тарткандан кийин бул өтүнүч менен төраганын орун басары Гүлкан Молдобековага барган.

"Молдобекова өзү жыйынга келүүдөн баш тартты, дагы эки депутат командировкада экен. Кворум жоктугунан, мыйзам долбоору боюнча чечим кабыл ала албайбыз. Алмазбек Бейшеналиевич, биз ээлеген кызматыбызга карабай иштей беребиз. Спикергеби же башкага барсасызбы билбейм. Бирок мага басым жасоонун кереги жок. Мыйзам менен иштешибиз керек. Сурамжылоо аркылуу мыйзамдарды кабыл алуу концепциясы каралган эмес. VI чакырылышта муну ким чыгарганын билбейм. Муну жоюп салуу керек", - деди Ашимова министрге кайрылып.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6616