Temirov Live'дын журналисти үйүнүн жанынан шектүү буюм таап алды
RU

Temirov Live'дын журналисти үйүнүн жанынан шектүү буюм таап алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Журналист-иликтөөчү Болот Темиров анын кесиптеши Актилек Капаровдун үйүнүн жанынан белгисиз буюм табылганын Kaktus.media'га айтып берди.

Темировдун айтымында, Капаровдун атасы белгисиз киши уулунун үйүнүн жанында жүргөнүн байкаган. "Бул жакта эмне кылып жүрөсүң? - деп сураса, машиненин ачкычын жоготуп алганын айтып, андан кийин таап алган өңдөнүп, башка машинеге отуруп кетип калыптыр", - деп айтып берди.

Temirov Live'дын журналисти Актилек Капаров милицияга кайрылып, табылган буюмду өткөрүп берген. "Ыкчам тергөөчүлөр келип, буюмду алып кетишти. Алар териштирүу иштерин жүргүзүшөт", - деп Темиров белгиледи.

Болот Темиров болгон окуяны өткөн жумада чыккан журналисттик-иликтөөгө байланыштырды.

"Тиги эркек кишинин жүрүм-туруму түшүнүксүз болуп жатат. Эгер ал баңгизатынын сатуучусу болсо, эмне үчүн жакшыраак көмүп, жакшылап катканга аракет кылган эмес?" - дейт Темиров.

Эске салсак, Темиров 22-январда камакка алынган. Редакциянын офисине атайын бөлүмдүн жоокерлери кирип барып, Темировдун арткы чөнтөгүнөн баңгизатын тапп алышкан имиш. Бирок күбөлөр аны күч кызматкерлери өздөрү салып коюшкан, деп бир ооздон айтышты. Ал бардык тесттерден өтүп, анын организминде баңгизаты табылган эмес. Кийин Бишкектин ИИББси журналист-иликтөөчү Болот Темиров баңгизатын мыйзамсыз сактаган деп айыптап кылмыш ишин козгогон. Бир нече айдан кийин, Кыргыз-стандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан өткон деп айыпталып чыкты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6874