Окуучуну сабаган мугалим эмне себептен жумушуна кайтып келгени белгилүү болду
RU

Окуучуну сабаган мугалим эмне себептен жумушуна кайтып келгени белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Окуучу кызды сабаган мугалим жумушка кайтып келген. Мындай чечимдин себебин Сузак районунун билим берүү бөлүмү түшүндүрдү.

Бул окуядан кийин мугалим иштен алынганын билдиришкен. Тиешелүү буйрукка директор кол койгон. Бирок, мугалим буга чейин даарылануу үчүн эмгек өргүүгө чыгуу үчүн арыз берген. Билим берүү башкармалыгы эмгек мыйзамдарына ылайык, эмгек өргүүсүндө жүргөн кызматкерди жумуштан бошотуу мүмкүн эместигин белгиледи. Натыйжада жумуштан бошотуу буйругу жокко чыгарылган.

Азыр тергөө иштери жүрүп, жатат. Айрым маалыматтарга караганда, мугалим учурда үйдөн дарыланууда.

"Акыркы чечим бардык соттук териштирүүлөр аяктагандан кийин кабыл алынат. Ал ортодо эмгек өргүүсү бүткөндөн кийин ал жумушуна кайта алат", - деп билдиришти билим берүү башкармалыгынан.

Эске салсак, 25-майда Сузак районунун Сафаровка айылындагы No1 мектепте мугалим окуучуну сабап жаткан видео интернетке тараган. Видеодо алардын ортосунда жаңжал чыгып, мугалим кызды сабап баштаганы көрүнүп турат. Бул окуя боюнча Билим берүү жана илим министрлиги комиссия түзгөн. Мугалим жумуштан кеткени кабарланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6876