Сузакта сабалган окуучу кыздын версиясы
RU

Сузакта сабалган окуучу кыздын версиясы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сузакта мугалимдин ур-токмогуна кабылган окуучу кыз окуянын өз версиясын айтып берди.

Анын айтымында эжей ага чейин эле бир окуучу кызды урушкан болчу.

"Биздин класска кирип келгенде эле бир кыз менен айтышып кетти эжеке. Мага бир бала тийишип карандашты алып кетип калды. Эжекеге айтсам, көңүл бурбай койду. Барып ошол баладан карандашымды алып келатсам, кызы мага сөгүнүп кыйкырды. "Сен эмне бул жакта жүрөсүң!" деди. "Ишиң канча" десем, апасы да кыйкырды, "сволочь" деп үй бүлөмө асылып кетти. "Эжеке, оозуңа карап сүйлө, менин үй-бүлөмө асылба" деп кыйкырышып кеттик. Анан отурсам эле, бир паста келип уруп баштады.

Акыркы сабак ошонун сабагы болчу. Мени коридорго алып чыкты дагы "Бул жерде менин да күнөөм бар деп айтып кой" деп эжеке мага жалынды. "Эжеке, мен эмнеге антем?" десем, "Экөөбүз тең ачуулукка алдыртып койдук, апаң келсе ошентип айт" деди.

Андан кийин видеону өчүрүп кой деди эле, "Эжеке, таркап кетиптир го, эмнесин өчүрөм дедим" - дейт окуучу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6851