"Биз кыргыздын "еврейибиз"". Жапаров мамлекеттик ишканаларды кыскартпоого убада берди
RU

"Биз кыргыздын "еврейибиз"". Жапаров мамлекеттик ишканаларды кыскартпоого убада берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Кыргызстанда санариптештирүүнү киргизүүгө кимдер тоскоол болуп жатканын жана ийгиликтүү ишке ашпаса, ким жооп берерин "Кабар" улуттук агенттигине берген маегинде айтты.

"Мен жогоруда 2010-жылга чейин "Дастан" заводунан уурдап жүргөндөр бар деп айтпадымбы. Ошолор баягы өздөрүнүн жасап жүргөн схемасын жасаганы жатышат деп шек санап жатышса керек. Анда эмесе толук түшүндүрүп берейин.

Мен кызматка киришкенден баштап, Сооронбай Шарипович эмне үчүн үч жыл бою "цифровизация, цифровизация" деп сайрап жүрүп, жасай албай кетти деп мунун өзөгүн изилдеп чыктым. Көрсө, баары чачыранды болгондуктан, бири-бирине баш ийбей, ар ким өзүнчө чоң болгусу келип, анысы аз келгенсип "цифровизация" иштеп кетсе көпчүлүк мекемелердин жетекчилери азыркыга чейин жеп жаткан "жемдеринен" кур жалак калышат экен. Ошол үчүн бүгүнкү күнгө чейин министрлер эле эмес, мекемелердин жөнөкөй адистери дагы бут тосууларды жасап келишет. Ушул эле мекемелердин айрым өкүлдөрү кабыл алуума келип, баарын бир министрликке топтобош керек деп шылтоолорун айтып ыйлашса, жанына киши тура албайт. Биз ары жагында өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары бар экенин билип койдук. Ошолор эле депутаттарга барып, баштарын айлантып жатышы мүмкүн. Депутаттар ишенип алышып, трибунадан кыйкырып кое беришет. Айрым учурларда өз кишисин министр кылам же ошол "Дастанга" жетекчи кылып алып барам деген ойлору да болушу мүмкүн. Парламенттин табияты ошондой",- деп эсептейт Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле эмне үчүн "Дастан", "Кыргызтелеком", "Альфателеком", "Евразия сактык банкы" бириктиргенин түшүндүрдү.

"Эки ай мурда адистерди топтоп, кандай кылганыбызда бир жылдын ичинде "цифровизацияны" киргизебиз деген теманы талкууладык. Жыйынтыгында "Дастан", "Кыргызтелеком", "Альфателеком", "Евразия сактык банкы" баарын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берип, ушулар аркылуу санариптештирүүнү ишке ашыралы деген чечим кабыл алдык. Себеби санариптештирүүдө ушул мекемелер бири-бирине тыгыз байланышкан.

Эң негизги себеби Кыргызстандагы санариптештирүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү жана улуттук экономиканын бардык тармактарында санариптик платформаларды ишке киргизүү боюнча чыгымдарды кыскартуу максаты менен байланышкан.

Бул иштердин баарын бир жылда ишке ашырасың деп министр Имановдун алдына милдет койдум. Андан бери эки ай өттү. Он ай убактысы калды. Ошондуктан тоскоол болбой жардам гана берип турушубуз керек. Айтылган мөөнөттө ишке ашыра албаса жоопко тартабыз. УКМК, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги Ширшовго же министрге схема түздүрүп, уурдатып коюп карап олтургудай, "эшек такалап" олтурушкан жок. Андан сырткары, биз уурдатып коюп карап олтурбайбыз. Биз деле кыргыздын "еврейибиз". Чычканга кебек алдырбайбыз",- дейт күлүп.

Президент жогоруда аталган мамлекеттик ишканаларды сатпоого убада берип, кыскартууга жол бербестигин эскертти.

"Депутаттар айткандай, саткыбыз келсе ызы-чуу кылып олтурбай азыркы турушунда деле сатып жибербейт белек. Министрлик баш болуп баары өкмөттүн колунда турат го.

Депутаттардын арасында уурдап жеп жүргөн мурдагы чиновниктер бар. Бардык тепкичтерди басып өткөн. Губернатордон баштап президенттин кеңешчисине чейин жеткен. Жакшы иштерди баштаган министрди "распил" кылганы жатасыңар деп сындап кыйкырып чыгат. Өзү убагында "распил" кылып жүрүп көнүп алса керек. Азыр андай "распил" жок. Мен жогоруда айткандай "распил" кылдыңбы же уурдадыңбы жүз эселеп төгүп берип кутуласың. Ошондуктан мейли ким кыйкырып чыкпасын, ызы-чуу болбой өзүңөр анализ жасаганды унутпагыла", - деди президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6882