Дүкөндөгү кызга жыныстык мүчөсүн көргөзгөн киши. Резонанстан кийин камакка алынган
RU

Дүкөндөгү кызга жыныстык мүчөсүн көргөзгөн киши. Резонанстан кийин камакка алынган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

15 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн адам убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына жакын туугандары билдирди.

Алардын айтымында, бүгүн, 31-майда сот жараяны өтүп, ага жакындарынын эч кимиси киргизилбей - жыйын жабык өттү.

Маалым болгондой, прокурордун өтүнүчү менен кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ал Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камалды.

Эске салсак, 26-март күнү Москва районунун Петровка айылындагы дүкөндөрдүн бирине белгисиз адам кирип, жашы жете элек кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн. Окуя көзөмөл камераларына түшүп калган. Туугандарынын айтымында, кылмышка шектүү мурда кыздын артынан аңдып жургөн. Ошондон кийин кыздын апасы арыз жазган, бирок милиционерлер шылдыңдап койгонун айтышкан эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6889