Көзүнө чөп салган: Ырчы Шакира менен футболчу Пике ажырашты
RU

Көзүнө чөп салган: Ырчы Шакира менен футболчу Пике ажырашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Барселонанын" коргоочусу Жерар Пике менен ырчы Шакира ажырашып кетишти. Бул тууралуу El Periodico басылмасына таянуу менен Lenta.ru билдирди.

Маалыматка ылайык, 35 жаштагы футболчу Пике 45 жаштагы ырчы Шакиранын көзүнө чөп салып жүргөнүн байкап калган. Ошондуктан Пике бир нече жумадан бери эски батиринде жалгыз жашап жатат. Белгиленгендей, фудболчуну түнкү клубдарда башка аялдар менен көп көрүшкөн. Оюнчу машыгышы керек болгон учурга да карабай, түнкү саат 2-3кө чейин кечелерде жүргөн.

Футболчу менен ырчы 2011-жылдан бери мамиледе. Жубайлардын тогуз жаштагы Милан жана жети жаштагы Саша деген эки баласы бар.

2017-жылы Шакира Пике менен ажырашуу ниетин айтып, үйүнөн чыгып кеткен. Бирок, себеби айтылган эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6915