Кыргызстандык айым Сеулда депутат болуп шайланды (фото)
RU

Кыргызстандык айым Сеулда депутат болуп шайланды (фото)

Все самое интересное в Telegram

Кыргызстандык Айсулуу Аширалиева Сеулдагы жергиликтүү парламентке депутат болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова билдирген.

Анын айтымында,1-июнда Түштүк Кореяда облустук жана шаардык жергиликтүү бийликке шайлоо өткөн.

"Мекендешибиз Айсулуу Аширалиеваны Сеул шаарынын шаардык кеңешинин депутаттыгына шайланышы менен чын дилимден куттуктайм. Айсулуу элчилик тарабынан өткөрүлүп жаткан маданий иш-чараларга ар дайым колдоо көрсөтүп, катышып келген өлкөбүздүн патриот инсандарынын бири", - деп жазган Исмаилова.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6913