"Таарынууга негиз жок". Ташиев менен Мадумаровдун тиреши боюнча депутаттардын пикири
RU

"Таарынууга негиз жок". Ташиев менен Мадумаровдун тиреши боюнча депутаттардын пикири

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 2-июнда депутаттар министрлер кабинетинин мүчөлөрүн парламентке чакырып, суроолоруна жооп алышкан. Кызуу маек кайым айтышуу менен уланды. Ал тургай УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев депутат Адахан Мадумаровду "колуңду сындырам" деп коркуткан.

Kaktus.media депутаттардан УКМК жетекчисинин жүрүм-турумуна кандай көз карашта экенин сурады.

Тазабек Икрамов

"Албетте, Ташиевдин жүрүм-туруму туура эмес. Эмоцияга алдырып туура эмес иштер көп болду. Мен өзүм туура көргөн нерсеге гана жооп бердим. Ага чейин аны менен мындай чыр-чатак болгон эмес. Таарынууга эч кандай негиз жок. Бул жөн эле талаш-тартыш, мындан аркы мамилебизге кедергисин тийгизбейт. Анткени ал жерде Сузак районунун тургундарынын көйгөйлөрү айтылган", - деди Икрамов.

Эльвира Сурабалдиева

"Бул жаңжал бир нече күндөн бери уланып жатат. Кечээ баары эмоция алдырып коюшту, албетте, туура эмес.

Саясий талаадан алыс жүргөндөр үчүн сырттан кандай көрүнөрүн түшүнөм. Дагы бир саясий чындык бар. Жогорку Кеңеш - рейтингди өлчөө үчүн эң сонун аянтча. Көбү чоң чыр болду деп ойлоп жатат. Жок, такыр андай эмес. Урушуп, кайра тил табышып сүйлөшүштү. Анын үстүнө алар тажрыйбалуу саясатчылар", - деди Сурабалдиева.

Марлен Маматалиев

"Экөө тең жаштарга жаман үлгү болуп жатат. Эмоцияга алдырышты. Микрофон өчүр турганда да конституцияга каршы сөздөр айтылды, бул туура эмес. Бул жөн эле Жогорку Кеңеш эмес, бул орган, эл тарабынан тандалып алынган.

Спикер Ташиев жана министрлер кабинетинин төрагасы менен жеке өзү сүйлөшүшү керек, - деп түшүндүрдү депутат.

Исхак Масалиев

"УКМКнын башчысы депутат Мадумаровдун бир тууганы көзөмөлдө экенин, "оперативдүү маалымат" боюнча да ачык айтып жатат. Мындай маалыматты атайын кызматтын кызматкери ачык айтууга укугу жок. Мындай маалымат текшерилгенден кийин гана айтылышы керек. Генералдар жана башка шефтер, токтогула. Бизде башка көйгөйлөр көп, күз, кыш алдыда!",- деп эскертти Масалиев.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6926