"Колуңду сындырам". Ташиев менен Мадумаров кайрадан кайым айтышты
RU

"Колуңду сындырам". Ташиев менен Мадумаров кайрадан кайым айтышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен депутат Адахан Мадумаров экинчи жолу кайым айтыша кетти.

Адахан Мадумаров сүйлөп жатканда микрофонду өчүрүп коюшкан. Ага нааразы болгон Мадумаров "Эмне себептен Камчыныкын өчүрбөйсүңөр, боло береби?" деген.

Ал эми Камчыбек Ташиев ага жинденип "Ошондуктан тилим бар деп эле сүйлөй бербей, азыраак сүйлөш керек. Колуңду кезебе, сындырып коём. Мен генпрокурор болгондо мурда эле камалат болчусуң, дагы деле кеч эмес" деп кайрылган.

Төмөнкү видеодон толук көрүүгө болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6919