Алмазбек Исманкулов Бейшеналиев жөнүндө: Бул кишини аяйм
RU

Алмазбек Исманкулов Бейшеналиев жөнүндө: Бул кишини аяйм

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чатактуу клиниканын башчысы Алмазбек Исманкулов камалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге болгон мамилеси тууралуу Kaktus.media сайтына айтып берди.

Исманкуловдун айтымында, анын министрге карата аёо сезими бар.

"Жөнү жок айыптоолорго карабастан, биздин госпидалдын бир дагы кызматкери Бейшеналиевди табалаган жок. Бул чыр-чатак экөөбүздүн ортобузда эмес. Мен башка интервьюлорумда да айтып жүргөм, бул кызмат ал үчүн эмес. Ал мүмкүн кафедранын жакшы башчысы болгон. Министр болгондон кийин, башкача көйгөйлөр жана тапшырмаларга туш болуп, аны чече алган жок", - дейт Исманкулов.

Андан тышкары, Бейшеналивке козголгон иши мыйзам чегинде чечилүүсүнө ишенерин белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6956