Алымкадыр Бейшеналиев: Алмазбек Исманкуловдон батирлерин да алабыз
RU

Алымкадыр Бейшеналиев: Алмазбек Исманкуловдон батирлерин да алабыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-апрелде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Алмазбек Исманкулов менен болгон окуяга комментарий берди.

Журналисттер андан Исманкулов оорукананын имаратын бошоттубу деп сурашкан. Бейшеналиевдин айтымында, ал Исманкуловдун жеке клиникасын кууп чыгуу менен чектелбестен, Түштүк Кореядан алган насыясын төлөтүүнү да көздөп жатат.

"Профессор Исманкулов имаратты бошотот. Бул менен эле токтобостон анын медициналык жабдыктарын алып,Түштүк Кореяга 29,5 миллион доллар төлөп берүүгө мажбур кылгым келет", - деди ал.

Анын айтымында, Түштүк Кореянын кредиттик линиясын изилдөө боюнча комиссия өз ишин аяктап, жакын арада материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Министр Исманкуловдун башка мүлктөрү да тартып алынарын белгиледи.

"Мен дагы бир жолу айткым келет. Эмнени баштасам да аягына чейин жеткирем. Мени кызматтан алышабы, жокпу мен акыйкаттык орношу үчүн күрөшө берем. 29,5 миллион долларды өкмөт эмес, Исманкулов төлөшү керек. Ал өлкөдөгү эң бай адамдардын бири. Эркиндик-Токтогулдагы борбордон бардык батирлерди сатып алган. Биз андан аларды да алабыз", - деди министр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6358