Кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн киши беш жылга камалды
RU

Кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн киши беш жылга камалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

15 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн адам беш жылга кесилди. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына кыздын жакын туугандары билдирди.

Алардын айтымында, бүгүн, 6-июнда соттук отурум болуп, анда өкүм чыккан.

Маалым болгондой, аталган адам КР Кылмыш-жаза кодексинин "Адепсиз жоруктар" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал жазасын түзөтүү колониясында өтөйт.

Эске салсак, 26-март күнү Москва районунун Петровка айылындагы дүкөндөрдүн бирине белгисиз адам кирип, жашы жете элек кызга жыныстык органын көрсөткөн. Окуя көзөмөл камераларына түшүп калган. Туугандарынын айтымында, кылмышка шектүү мурда кыздын артынан түшүп жүргөн. Ошондон кийин кыздын апасы арыз жазган, бирок милиционерлер шылдыңдап коюшкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6960