Садыр Жапаров: Чектен ашкандарды, катуу тарбиялап койгонго эрким жетет
RU

Садыр Жапаров: Чектен ашкандарды, катуу тарбиялап койгонго эрким жетет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Би-Би-Си Кыргыз кызматынын журналистинин суроолоруна жооп берип, саясий жаңжалдар жана ага карата айтылган сын-пикирлерге комментарий берди.

Журналист анын дарегине айтылган сын боюнча президенттин пикирине кызыкты. Ал белгилегендей, акыркы убакта Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынан эле эмес, башка жарандардан да сындар угулууда.

"Биринчиден, сөз эркиндигине эркиндик беришибиз керек. Экинчиден, мен өлкө башчысы болгондон кийин баарын бирдей көрүшүм керек. Үй-бүлөдө деле он балаң болсо бир экөө начар чыгат. Анан аларды кодулап, бөлүп таштай албайсың да. Баарын бирдей жакшы көрөсүң. Мага сын айтып аткандарды, тилдеп аткандарды жаман көрбөйм. Сотко бербейм. Кечирим суратпайм. Сабырдуулук кылып тим коём. Бирок чектен ашып бара жатса, катуу тарбиялап койгонго эрким жетет. Чектен чыкпаш керек.

Жүз пайыз элдин баарына жакпайсың. Жасалып жаткан иштерди бири туура түшүнөт, бири тескери түшүнөт. Бири көрүп айтат, бири көрбөй айтат. Жакшы иштерди көрүп турса дагы көргүсү келбеген адамдар бар. 10-20 пайыз адамдарга жакпайсың. Ал эми мени колдоп такка олтургузган 80 пайыз шайлоочуларыма айтаарым, эч кам санабагыла. Мен баш көтөрбөй жакшы иштерди жасай берем. "Жөжөнү күздө санайбыз". "Жөжө санаар" мезгил келгенде эч качан силерди жер каратпаймын",- деп айтты өлкө башчы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7009