"Мамлекетчил эмес". Президент Ташиев менен Мадумаровдун кайым айтышуусу боюнча үн катты
RU

"Мамлекетчил эмес". Президент Ташиев менен Мадумаровдун кайым айтышуусу боюнча үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Адахан Мадумаровду "мамлекетчил эмес" деп айыптады. Ал бул тууралуу "Азаттыкка" берген маегинде билдирген.

Кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында Ташиев менен Мадумаровдун ортосунда оозеки чыр чыгып, анда Ташиев Мадумаровду бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап, "Колуңду сындырам" деп коркуткан.

"Азаттыктын" редакциясы бул окуя боюнча президенттин пикирине кызыкты.

Садыр Жапаров жооп берип жатып, Адахан Мадумаровду сындаган.

"Мадумаров мамлекетчил эмес. Мамлекетиң эмне болсо ошол болсун, мен балп дедирип сүйлөп коюп элге жаксам болду деген популист саясатчы. Эл деле анын мүнөзүн билип бүттү", - деди президент.

Андан тышкары Садыр Жапаров азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо УКМКнын милдеттеринин бири экенин белгиледи.

"Азыр дүйнө боюнча бардык өлкөлөрдө кризис болуп атат. Муну баарыңар көрүп турасыңар. Биз колубуздан келишинче өлкөбүздө тамак-аш тартыштыгы болбосун деп болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Ошол үчүн сыртка чыгып кетпесин деп катуу көзөмөл кылып жатабыз. Бул ишти УКМК көзөмөлдөп жатат. Бул алардын түздөн-түз милдети. Коопсуздук деп аты айтып тургандай эле бардык жактан коопсуздугубузга УКМК жооп берет", - дейт өлкө башчы.

Президент Ташиевдин коркутуп-үркүтүүлөрүн туура эмес деп эсептебейт. Муну ачуулангандыктан жасады деп эсептейт.

"Албетте коюлган постто кызматкерлер таптаза иштеп жатат дегенден алыспыз. Баарын 100 пайыз көзөмөл кылуу кыйын. Адамдык фактор деген болот. Бирөө жарым тыйын сурашы мүмкүн. Андайларды кармап келип камап атышат. Көрүп атпайсыңарбы. Ал эми аткезчилик 90 пайыз токтоду. Эгер токтотпосок тамак-ашка баалар өзүбүздө асмандын башына чыгат. Анда да кооз сүйлөп кыйкырып чыгат. Камчыбек Кыдыршаевичтин жаны ачышып кетип анан катуу жооп берди. Аны туура эле түшүндүм",-деп билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6934