"Атазов, ПНХ!". Депутаттан мандатын тапшырууну талап кылгандар митингге чыгышты (видео)
RU

"Атазов, ПНХ!". Депутаттан мандатын тапшырууну талап кылгандар митингге чыгышты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-июнда Бишкектин Свердлов районунун тургундары Ак үйдүн жанына миттингге чыгышты.

Митингге райондун тургундары, журналист Махинур Ниязова, "Иш күндүн кечи" программасынын алып баруучусу Айгүл Сторожук жана активист Умай Арыкова катышып, Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдон мандатын тапшырууну талап кылышты.

Бул райондун тургундарынын бири, 24.kg агенттигинин редактору Махинур Ниязова Атазов бир гана аялдардын эмес, ар бир адамдын укугун тебелеген айрым "идеяларды" айтканы тургундарга жакпарын, райондун атынан депутат болуп, имиджди бузуп жатканын билдирди.

"Мен ага добуш берген эмесмин, мандатын тапшырсын", - деп баса белгиледи ал.

Белгилей кетсек, кечээ депутат Шайлообек Атазов 18-20 жаштагы кыргызстандык кыз-келиндерди ата-энеси менен же турмушка чыккандан кийин гана чет өлкөгө чыгарууну сунуштаган. Бул билдирүү коомдо резонанс жаратты.

Митингдин экинчи катышуучусу Умай Арыкова Атазовго окшогондордун айынан анын кызы сыяктуу кыздардын конституциялык укуктары бузулушу мүмкүн экенин белгиледи.

"Мен эне катары кызымдын билим алуусуна жана эркин жүрүүсүнө мүмкүнчүлүк болушун, эркин өлкө болушун каалайм. Анын үстүнө Конституцияда да жазылган. 18 жаштан баштап адам бойго жетип, жашоосун өзү каалагандай башкарууга укуктуу. Каалаган жерге саякаттап жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында каалаган нерсени жасоого болот", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7020