Алмазбек Атамбаевдин үйүндө балдар комплекси ачылды (сүрөт)
RU

Алмазбек Атамбаевдин үйүндө балдар комплекси ачылды (сүрөт)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө балдардын ден соолук жана билим берүү комплекси ачылды. Бул тууралуу Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков социалдык тармактардагы баракчасына билдирди.

Анын айтымында, комплекс келечекте мамлекеттин ишенимдүү таянычы боло турган кичинекей кыргызстандыктар үчүн эшигин ачты.

Анда дарыгердин кабинети, тиш доктур кабинети, шахмат ийрими, көркөм сүрөт классы ачылып, сууда сүзүү, музыка, кыргыз, орус, англис тилдери жана жеңил атлетика үйрөтүлөт.

"Учурда лагерде 40 бала туруктуу негизде, ал эми узартылган күн тайпасында 60 бала билим алууда. Натыйжада күндүз 100 бала билим алат",- дейт Султанбеков.

Бул Атамбаевдердин үй-бүлөсүнүн жалгыз үйү экенин баса белгиледи.

"Алардын башка экс-президенттерге окшоп Минскиде, Лондондо, Москвада эле эмес, Бишкекте да үйлөрү жок. Эми ага да прокуратурага доо арыз менен кайрылышты. Соттор чынчыл болот деп ишенем", - деп жазган Султанбеков.

Эске салсак, А.Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнө анын тапшырмасы менен окуу жылы аяктагандан кийин дароо 10-июнда анын жеке резиденциясында эс алууга муктаж балдар үчүн окуу-эс алуу спорт комплексин ачуу пландалган.

Бирок Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мамлекеттин пайдасына мүлктү камакка алуу процедурасын баштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7025