Үйлөнүү тоюнда келинди чапкан күйөө баланы сот жазалаган жок
RU

Үйлөнүү тоюнда келинди чапкан күйөө баланы сот жазалаган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзбекстанда үйлөнүү үлпөтүндө келинди чапкан күйөө бала жазадан кутулуп кетти. Сот келиндин дооматы жоктугуна байланыштуу административдик жазаны колдонбой турган болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Күйөө бала кечирим сурап, мындан ары мындай кайталанбасын убада кылды.

"Өзүмдү кармай албай, колум тийип кетти. Түшүнбөстүк чечилип, той уланды. Мен келинден кечирим сурадым. Экинчи мындай кайталанбайт", - деди күйөө бала.

Аталган жаранга райондук ички иштер бөлүмү тарабынан административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 183-беренеси (майда бейбаштык) боюнча административдик иш козголгон. Бирок келиндин дооматы жана анын арызы жоктугуна байланыштуу сот күйөө балага жаза колдонгон жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7140