Той учурунда келинди урган күйөө балага иш козголду. Окуянын видеосу
RU

Той учурунда келинди урган күйөө балага иш козголду. Окуянын видеосу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин Өзбекстандагы үйлөнүү үлпөтүндө күйөө бала келиндин башына катуу урган видео тараган.

Көп блоггерлер ага көңүл буруп, жада калса немистердин эң белгилүү гезити бул окуяга байланыштуу макаласын жарыялаган.

"Тойдо түгөйлөр үчүн оюн уюштурулган. Аларга оролгон таттуулар берилип, кимиси биринчи ачса жеңишке жетишмек. Сынакта колукту жеңип, күйөө бала утулуп калганын. Ошого ачууланып келинге кол көтөргөн", - деп айтылат макалада.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери күйөө балага карата "Майда бейбаштык" беренеси боюнча административдик иш козгогону белгилүү болду. Иш сотко жөнөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7107