Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмү: Ташиев кызматтан кетпейм деди
RU

Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмү: Ташиев кызматтан кетпейм деди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саясат таануучу Марат Казакпаев менен банкир Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтөө боюнча жумушчу комиссиянын алгачкы жыйыны болуп өттү. Ал жерге УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев дагы катышты.

Жыйындан чыккан Камчыбек Ташиев убактылуу кызматтан кеттүү боюнча сындарга пикирин айты.

"Мен абдан жоопкерчиликтүү кызматты аткарам, убактылуу четтегенге болбойт. Ооба, дайыма мындай нерсе болуп турат, болбойт деп эч ким гарантия бере албайт. Моралдык жоопкерчиликти ар бир адам үчүн сезем. Ал киши үчүн эле эмес, бардык кишилер үчүн сезгенге милдеттүүмүн",- деди Ташиев.

Марат Казакпаев 9-июнда УКМК абагынан оор абалда ооруканага которулуп, эртеси көз жумган. Ал 2021-жылы "мамлекетке чыккынчылык кылган" деген шек менен кармалган.

"Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев 18-июнда УКМКнын абагында асынып турган абалда табылган. Ал коррупцияга шек саналып 30-апрелде камакка алынган эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7172