Марат Казакпаев менен Бакыт Асанбаевдин өлүмүнө байланыштуу комиссияны ким жетектейт?
RU

Марат Казакпаев менен Бакыт Асанбаевдин өлүмүнө байланыштуу комиссияны ким жетектейт?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саясат таануучу Марат Казакпаев менен банкир Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтөө боюнча жумушчу комиссияны Эдиль Байсалов жетектейт.

Комиссиянын курамына маркумдардын эң жакын туугандары, акыйкатчы Атыр Абдрахматова, Жогорку Кеңештин депутаттары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирди. Бул комиссия Садыр Жапаровдун буйругу менен түзүлгөн.

Марат Казакпаев 9-июнда УКМК абагынан оор абалда ооруканага которулуп, эртеси көз жумган. Ал 2021-жылы "мамлекетке чыккынчылык кылган" деген шек менен кармалган.

"Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев 18-июнда УКМКнын абагында асынып турган абалда табылган. Ал коррупцияга шек саналып 30-апрелде камакка алынган эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7149