Кара-Балтадан башы кесилген аялдын сөөгү табылды
RU

Кара-Балтадан башы кесилген аялдын сөөгү табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн биринен аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, сөөк 2022-жылдын 21-июнь күнү табылган. Денедеги жаракаттар зомбулуктан каза болгонун көрсөтүп турат. Өлүктү кароо учурунда башы жок экендиги аныкталган.

"Милиция кызматкерлери колдо болгон буюмдарды жана издерди колдонуу менен сөөктүн өздүгү такташты. Ал 1975-жылы туулган А.А. болуп чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмыштын бетин ачуу иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7187