Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдын жолдошу асынып алган
RU

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдын жолдошу асынып алган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде эркек киши аялын мыкаачылык менен өлтүрүп, өзү асынып алган. Мындай маалыматты Баткен ОИИБинен билдиришти.

19-июнь күнү болжол менен таңкы саат 04:00 чамасында Кадамжай шаарындагы Металург көчөсүндөгү үйдө келишпестик жаралып, көйөсү аялын бычактап, мыкаачылык менен өлтүргөн. Жубайы Н.Б.ны өлдтүрүүгө шектелген, 1987-жылкы жолдошу Б.Б. өзүн-өзү асып каза болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7171