Кара-Балтада аялдын башын кесип салган шектүү кармалды
RU

Кара-Балтада аялдын башын кесип салган шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Балтада аялды мыкаачылык менен ким өлтүргөнү маалым болду.

Шектүү Жалал-Абад облусунун аймагында жашырынып жүргөн, 1976-жылы туулган К.Н. аттуу жаран болуп чыкты.

Шектүү чогуу жашаган аялды өлтүрүп, денесинин ар кайсы жерине 10 жолу бычак сайып, денесин дренаждык каналга ыргытып, ал эми башын ал жерден 200 метр алысыраак көмүп салган.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, буга кызганыч себеп болгон.

Шектүү күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, аялдын башын көмгөн жерди көрсөткөн. Учурда ал убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7204