Жигити экөө уруша кетишкен. Эркиндик бульварында ала качылган кыз табылды
RU

Жигити экөө уруша кетишкен. Эркиндик бульварында ала качылган кыз табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин Бишкекте кыз уурдоо фактысы катталып, окуяга тиешеси бар адамдар изделип жаткан. Бүгүн, 5-июлда уурдалды деген кыз жана анын уурдоого шектүү жаран кармалганын шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Милициянын маалымтына ылайык, 22 жаштагы Н.М. менен 21 жаштагы Б.Б. кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн. 23-июнда кыз жигити менен жолугуп, экөө урушуп кетишкен. Алар окуя тууралуу социалдык тармактарга маалыматтар жарыяланып кеткенден кийин милицияга баруудан коркуп, убакыт өтсө унутулуп калат деген ойдо болушканын билдиришкен.

Учурда аталган факты боюнча териштирүү иштери улантылып жатат.

Белгилей кетсек, 24-июнга караган түнү милициянын нөөмөт бөлүмүнө Эркиндик жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен кыз уурдоо фактысы катталганы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты каттоого алынып, борбор калаадагы Субару үлгүсүндөгү 600 унаа текшерүүгө алынган. Көчөдөгү камераларга жазылып калган видеолор текшерилген. Натыйжада уурдалды деген кыз жана айдоочу аныкталып тергөө кызматына жеткирилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7388