Спецназ Бишкектен чыгып бараткан Дөө Чыңгыздын унаасына ок чыгарды
RU

Спецназ Бишкектен чыгып бараткан Дөө Чыңгыздын унаасына ок чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кримавторитет Чыңгыз Жумагуловду кармоо учурунда "Альфа" атайын отрядынын кызматкерлери анын унаасына ок чыгарды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына өздүк булактар ​​билдирди.

Маалым болгондой, Дөө Чыңгызды Карагул Акмат көчөсүнөн кармоо пландалган. Бирок ал адамдары менен спецназга каршылык көрсөткөн. Ок атышуу болуп, Чыңгыз Жумагулов өзүнүн Mercedes-Benz G-class ("Гелендваген") үлгүсүндөгү унаасы менен качып кеткен.

Атайын бөлүктүн кызматкерлери кримавторитеттин унаасын атышкан, бирок булактын айтымында, Гелендваген брондолгон болчу.

Чыңгыз Жумагулов шериктери менен туулган жери Ичке-Суу айылын көздөй бет алган. Аны кармоо операциясы уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7483