Спецназ Дөө Чыңгызды туулган айылынан кармоого аракет кылууда. Ок атышуу уланууда
RU

Спецназ Дөө Чыңгызды туулган айылынан кармоого аракет кылууда. Ок атышуу уланууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын "Альфа" атайын отряды Дөө Чыңгыз каймана аты менен таанымал кримавторитет Чыңгыз Жумагуловду өзү туулуп-өскөн Ичке-Суу айылында кармоого аракет кылып жатат. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына укук коргоо органдарындагы булактар ​​билдирди.

Маалым болгондой, Бишкектин четиндеги окуядан кийин Дөө-Чыңгыз адамдары менен Ысык-Ата районундагы туулуп-өскөн айылына жөнөп кеткен. Атайын күчтөр дароо анын артынан түшүшкөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, кримавторитет каршылык көрсөтүүдө, ал жана анын адамдары спецназды атып жатат.

Маалымат булактары, Чыңгыз Жумагулов опузалап акча талап кылган деп айыпталып жатканын кошумчалашты. Кафенин ээси укук коргоо органдарына Дөө Чыңгыз жана анын адамдары кечээ күнү коркутуп, бизнестен үлүшүн талап кылышканын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7461