Зордуктоого шектелген актёр Чыңгыз Мамаевдин соту жылдырылды
RU

Зордуктоого шектелген актёр Чыңгыз Мамаевдин соту жылдырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда зордуктоого шектелип камакка алынган актёр Чыңгыз Мамаевдин иши каралмак. Бирок Свердлов райондук сотунун имаратында электр жарыгы жок болгондугуна байланыштуу соттук ишти кароо 21-июлга жылдырылды.

Буга чейин актёрдун соту 3 ирет жылдырылганын Kaktus.kg`ге Свердлов райондук сотунан билдиришкен. Анда эки жолку соттук кароого айыпталуучу тараптын жактоочусу келбей калса, бир жолкусунда прокурор жок болгон.

Эске сала кетсек, белгилүү актёр Чыңгыз Мамаев чет элдик жаранды зордуктоого шектелип кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Свердлов райондук соту камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандап, актёр 30-августка чейин камакка алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7521