Актер Чынгыз Мамаев зордуктады деген арызды Германиянын жараны жазган
RU

Актер Чынгыз Мамаев зордуктады деген арызды Германиянын жараны жазган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Актер Чынгыз Мамаев зордуктады деген арызды Германиянын жараны жазган. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына күч структураларынын кызматкерлери билдиришкен.

Белгилүү болгондой, жабыркаган жаран бир нече жыл мурун Кыргызстанга келип кеткен. Бул жактан дос күтүп, ушул жылдын март айында Нооруз майрамын тосуу үчүн жана достору менен көрүшкөнү кайра келген.

21-мартта, Бишкекте кичинекей баласы менен сейилдеп жүргөн. Көчөлөрдүн биринде мас киши ага тийишет. Бир канча убакыттан кийин кол салып, зордуктап коет. Бул учур көзөмөл камераларга түшүп калган.

Аталган кылмыш ишинин негизинде актер Чынгыз Мамаев камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6266