"Ихсан" кооперативинин жетекчиси 2 айга камакка алынды
RU

"Ихсан" кооперативинин жетекчиси 2 айга камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ихсан групп ЛТД" кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы эки айга камакка алынды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан Kaktus.kg`ге билдиришти.

Белгилүү болгондой, Биринчи Май райондук соту Б.А. аттуу жарандын баш коргоо чарасын карап, эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Белгилей кетсек, "Ихсан групп ЛТД" коммерциялык эмес турак жай кооперативинин башкармалыгына жана уюштуруучуларына 209-берене (алдамчылык), 210-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгон. Аталган турак жай кооперативин буга чейин аялдарды этке салыштырган имам Садыбакас Доолов жарнамалаганы белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7522