Имам Доолов жарнамалаган турак жай кооперативинин жетекчиси кармалды
RU

Имам Доолов жарнамалаган турак жай кооперативинин жетекчиси кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМдин Тергөө кызматы "Ихсан групп ЛТД" коммерциялык эмес турак жай курулуш кооперативинин башкармалыгына жана уюштуруучуларына карата "Алдамчылык" жана "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ээлеп алуу" беренелери боюнча кылмыш иштерин тергеп жатат. Буга байланыштуу аталган компаниянын жетекчиси кармалды.

"Үстүбүздөгү жылдын март айынын башынан бери "Ихсан Групп ЛТД" кооперативине кирген жарандардан республиканын бардык аймактарынан көптөгөн кайрылуулар түшкөн", - деп министрликтин маалыматында айтылат.

Түзүлгөн келишимдердин негизинде кыргызстандыктар 4% жана 7% кирүү акысын, ошондой эле сатып алынуучу мүлктүн наркынын 25%, 35% жана 50% баштапкы төлөмдөрдү төлөшкөн. Кооперативдин мүчөлөрү ушул күнгө чейин турак-жай, автомашина ала элек. Мүчөлүктөн баш тарткан жарандар өз акчасын кайтара алышпай жүрүшөт.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, келтирилген чыгым 121 миллион 313 миң 950 сомду түзгөн. "Ихсан групп ЛТД" ЖЧКсынын жетекчилиги анын чыгымын кайтарып берген эмес.

Ошондой эле, 11-июль күнү кылмышка шектүү катары "Ихсан групп ЛТД" кооперативинин директорлор кеңешинин төрагасы 1975-жылы туулган Б.А. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Эске салсак, буга чейин аялдарды этке салыштырган имам Садибакас Доолов "Ихсан" кооперативин жарнамалаганы белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7489