Темир жолдо уктап калган жаранды куткарган милиция сыйланды
5122
Темир жолдо уктап калган жаранды поезддин астынан куткарып калган кызматкер сыйланды. Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, кызматкерге саат тапшырылды.
slide 2 of 3
Сыйлыкты башкармалыктын атынан Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматынын начальниги Алмазбек Исаков тапшырып, мындай жакшы көрүнүш кыргыз милициясынын кадыр-баркынын өсүшүнө жакшы өбөлгө болуп, жаш кызматкерлерге үлгү болоорун белгилеп, мындан ары да кызматтык ийгиликтерге жетишине тилектеш экендигин билдирди.
Эскерте кетсек, 24-июлда кайгуул кызматкери кесиптеши менен өз өмүрлөрүн тообекелчиликке салып, темир жолдо уктап калган жаранды куткарып калышкан.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/7670