Кримтөбөл "Дөө Чыңгыз" киши колдуу каза болду
RU

Кримтөбөл "Дөө Чыңгыз" киши колдуу каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жакында эле СИЗО-1ге киргизилген "Дөө Чыңгыз" каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов каза болду. Ал бүгүн, 30-июлда жансыз абалда табылганын Kaktus.media сайтына өздүк булактар билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Чыңгыз Жумагуловдун кекиртегин жанында отурган киши кесип салган. Азырынча укук коргоо кызматы бул боюнча расмий маалымат бере элек.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектин Карагул Акмат көчөсүнөн (7-апрель көчөсүнүн уландысы) Дөө Чыңгыздын унаасын атып кетишкен. Кийинчерээк ал кармалганын УКМКдан кабарлашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7699