Кримтөбөл "Дөө Чыңгыз" кармалды
RU

Кримтөбөл "Дөө Чыңгыз" кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Дөө Чыңгыз" каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов кармалды. Ал бүгүн, 15-июлда Бишкекте кармалагынан УКМКдан Kaktus.kg`ге билдиришти.

"Чыгыз Жумагуловду кармоо кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактылары боюнча материалдардын алкагында жүргүзүлдү", - дешет комитеттен.

Учурда ал СИЗОго киргизилди. Чыңгыз Жумагуловдон жабыркагандар болсо УКМКнын ишеним телефонуна кайрылса болот: (312) 64-04-75.

Буга чейин, Бишкектин Карагул Акмат көчөсүнөн (7-апрель көчөсүнүн уландысы) Дөө Чыңгыздын унаасын атып кетишкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7535