Кыргызстандык бренд Бириккен Араб Эмираттарынын рыногуна чыкты
RU

Кыргызстандык бренд Бириккен Араб Эмираттарынын рыногуна чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ата мекендик "Шоро" компаниясы Бириккен Араб Эмираттарында бөтөлкөдөгү ичүүчү суунун сапаты боюнча сертификат алды. Бул тууралуу аталган компания өзү билдирди.

"Эми Legend таза булак суусун БАЭнин дүкөндөрүнөн таба аласыздар. Ишеним үчүн ыраазычылык билдиребиз",- деп билдиришкен.

Белгилей кетсек, мындай сертификат бөтөлкөдөгү ичүүчү суунун жаңы техникалык стандарттарына жооп берген дүйнөлүк компанияларга берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7734