24 саатка жетпеген эң кыска убакыт катталды. Күн канча убакытка кыскарган?
RU

24 саатка жетпеген эң кыска убакыт катталды. Күн канча убакытка кыскарган?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Окумуштуулардын айтымында, 2022-жылдын 29-июнунда күндүн убакутысы 24 сааттан 1,59 миллисекундга кыскараак болгон. Окумуштуулардын айтымында бул климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу болушу мүмкүн.

Орточо бир күндүн убактысы 86 400 секунд же 24 саатты түзөт, бирок timanddate.com сайты 29-июнда нормадан 1,59 миллисекундга кыска болгонун билдирди. Ошол күнү Жер 24 саатка жетпеген убакытта айланууну бүтүргөн. Бул эң кыска күн болуп эсептелди.

Timeanddate.com сайты жыл өткөн сайын жердин айлануусу ылдамдап жатканын билдирди. Сайттын маалыматы боюнча мунун себеби планетанын өзөгүнүн ички же тышкы катмарларындагы процесстер океандар, суу ташкындары, жада калса климаттын өзгөрүшү менен шартталышы мүмкүн

Эскерте кетсек, ылдамдык рекорддору 2020-жылдан бери катталып келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7731