Зордукталган 13 жашар кызга 764 миң сом чогулду
RU

Зордукталган 13 жашар кызга 764 миң сом чогулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте зордукталган 13 жашар кыздын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүү максатында каражат топтоло баштаган. Бүгүнкү күндө 763 242 сом 98 тыйын чогулду. Бул туурасында алып баруучу Эркин Рыскулбеков билдирди.

"Урматтуу достор, демилгелүү топ милиция кызматкерлери тарабынан зордук-зомбулукка кабылган 13 жаштагы кызга жардам берүү үчүн акча чогултуу акциясын жарыялаганы эсиңизде болсо керек. Жооп бергендердин баарына рахмат. Биз биригип 763 242 сом 98 тыйын чогултууга жетиштик.

  • 100 000 сом "Оазис" фондунун жетекчиси Мээрим Осмоналиеванын катышуусунда үй-бүлөнүн муктаждыктарына которулду;
  • 50 000 сом мурда кыздын атасына которулган;
  • Кыздын дарылануусуна жана керектүү буюмдарын алууга 100 000 сом бөлүндү;
  • Эсебине 513 242,98 сом которулуп, кыздын окуусуна жумшалат.

Жабырлануучуга колдоо көрсөткөндүгү үчүн бардык кызыкдар болгондорго чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз",-деди Эркин.

.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7736