Казакстанда дагы көчөгө түкүрүүгө тыюу салууну сунушташты
RU

Казакстанда дагы көчөгө түкүрүүгө тыюу салууну сунушташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын саламаттыкты сактоо министрине коомдук жайларда түкүрүүгө тыюу салуу боюнча суроо берилип, мыйзам деңгээлинде кароону сунушташты.

Министр Ажар Гиният бул сунушту колдоп, мындай демилгени депутаттарга берүү керектигин билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

"Сунушуңуз боюнча ойлонуп көрөбүз. Мындай кодекс кириши керек. Кандайдыр бир тыюу салуулар болгондон кийин жаза да болот. Бул коомчулук менен талкууланышы керек", - деп жыйынтыктады министр.

Эске салсак, Кыргызстанда дагы 2019-жылдан баштап жаңы кодекске ылайык коомдук жайларда түкүрүүгө тыюу салынган. Мындай жорукка 5500 сом айып пул каралган эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7781