Калпак кийгизип, комуз черттире албай кыйналган Тазабек Икрамовдун сунуштары
RU

Калпак кийгизип, комуз черттире албай кыйналган Тазабек Икрамовдун сунуштары

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Тазабек Икрамов мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди расмий иш-чараларда Ак калпак кийип жүрүүгө милдеттендирүү сунушун киргизди.

Ал өз элинин маданиятын, салттуу кийимдерин, тарыхын билбегендик мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч жаратып жатканын айткан.

Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Ак калпакты кийүүнүн тартибин бузгандар ​​кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

Буга чейин да депутат Тазабек Икрамов калпак кийүүнү мектеп формасына кошуп милдеттендирүүнү сунуштаган эле. Анын айтымында, жогорку жана кенже класстын окуучуларынын калпактары түсү боюнча айырмаланышы керек.

Ошондой эле мектеп программасына комуз чертүү, Манастын идеологиясы боюнча сабактарды киргизүүнү да сунуштаган.

Окуучулардын телефон колдонуусуна тыюу салуу

Дагы бир сунушунда окуучуларга мектепте жүргөн учурда телефон менен колдонууга тыюу салууну айткан.

Телефондун айынан окуучулар өз ара сүйлөшпөй калышкан. Кечке эле телефонун тиктеп, ролик тартып отурушат. Бул алардын социализациясына жана билим алуусуна терс таасирин тийгизет.

Бишкектин мэрине жөө эмес унаа менен жүрүүнү сунуштаган.

"Чет өлкөлөргө барганда алардын борборлоруна суктанам, кечинде линиялар күйүп турат. Бул көйгөйдү качан чечебиз? Сиз жаңы мэр катары жолдорду карап коюңуз, бизге деле ошондой эле каражат жол оңдоого жумшалат да. Сиз дагы машине менен жүрүңүз да жолдорду дагы көрүш керек", - деп жыйынтыктады Икрамов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7328