Айдоочу унаасы менен каналга түшүп кетип каза болду
RU

Айдоочу унаасы менен каналга түшүп кетип каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

6-августтан 7-августка караган түнү Чоң Чүй каналына Volvo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каналга түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, окуя саат 03:30 чамасында Чүй районунун Шамшы айылында болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу 1992-жылы туулган Ш.М рулду башкара албай, каналга кулап каза болгон.

Окуя болгон жерге үч куткаруучу келип, адамдын сөөгүн жана унаасын алып чыгышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7794