Ысык-Көлдө катуу толкун болуп бир спортчу сууга чөгүп кетти
RU

Ысык-Көлдө катуу толкун болуп бир спортчу сууга чөгүп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө спортчу көлгө чөгүп кетти. Аны сууда сүзүү учурунда толкун басып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 6-августта саат 13:00дөр чамасында 15 спортчу Ысык-Көлдүн Кара-Шаар айылынан Тору-Айгыр айылын көздөй сүзүп өтүүгө аракет кылышкан. Алар ортого жеткенде чоң толкун пайда болуп бири сууга чөгүп кеткен.

Спортчуну издөө иштерине сегиз куткаруучу катышууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7793