Боксчу Дмитрий Бивол Кыргызстанга келет
RU

Боксчу Дмитрий Бивол Кыргызстанга келет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эртең, 9-августта WBA версиясы боюнча жеңил салмактагы чемпион, орусиялык мушкер Дмитрий Бивол Кыргызстанга учуп келет. Бул тууралуу Адылкан Бекболотов атындагы боксту колдоо фондунан билдиришти.

Ал өлкөгө эртең саат 12:55тер чамасында келери айтылууда. Спортчу Кыргызстанда машыгуу сборлорун өткөрөт.

Белгилей кетсек Бивол Токмокто төрөлүп, кийин Россияга көчүп кеткен. Ал буга чейин да Кыргызстандын бокс боюнча курамасынын экс-башкы машыктыруучусу Адылкан Бекболотовдун чакыруусу менен Кыргызстанга машыгууга келген.

Үстүбүздөгү жылдын 7-майында Бивол Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын жеңил салмактагы кур үчүн беттеште мексикалык Сауль Канело Альварести жеңип алган. 31 жаштагы Бивол үчүн бул жеңиш анын карьерасындагы 20-жеңиши болду. Ал Кыргызстандын желеги менен күрөшкө чыккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7814