Дмитрий Бивол: Токмоктон Вегасты көздөй жол бар экен да. Болгону иштеш керек
RU

Дмитрий Бивол: Токмоктон Вегасты көздөй жол бар экен да. Болгону иштеш керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мексикалык мушкер Сауль Канело Альварести жеңип алган теги кыргызстандык Дмитрий Бивол күйөөрмандарына кайрылып, колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Андан тышкары КРдин улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулун атап:

"Данияр, уксаң, Токмоктон Вегасты көздөй жол бар экен да. Иштеш керек!", - деп жылмаюу менен дүйнө чемпиону айткан.

Эске салсак, Канело менен Биволдун беттеши Лас-Вегаста өткөн бокс кечесинин негизги окуясы болду. Россия үчүн беттешке чыгып жүргөн Дмитрий Бивол WBA Super'дин оор салмактагы чемпиондук курун жактады.

Дмитрий Бивол 1990-жылдын 18-декабрында Токмок шаарында туулган. 6 жашынан тарта бокско кызыгып, Вячеслав Шараповдун кол алдында машыккан. Бивол Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасына кирип, өзүнүн салмак категориясында биринчиликти эч кимге берчү эмес. 15 жашында Россияга көчүп кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6609