"Дежур курултай" болбойт. Президент Элдик курултайга кимдер катышарын айтты
RU

"Дежур курултай" болбойт. Президент Элдик курултайга кимдер катышарын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Facebook`тагы баракчасына Элдик курултай жөнүндө жарлыгы тууралуу комментарий жазды. Анда өлкө башчы курултайга эл шайлап жөнөткөн адамдар гана катыша аларын белгилейт.

Элдик курултай жөнүндө мыйзам ушул жылдын башында жазылып бүтүп, эки ай бою жалпы элдик талкууга коюлуп, андан кийин Жогорку Кеңешке киргизилген. Тилекке каршы, кабыл алынбай калды. Ошондуктан мыйзам кабыл алынганга чейин быйылкы курултайды жарлык менен чакырууну туура көрдүм. Бийликтин бардык бутактары бир жылда жасалган иштери жөнүндө жалпы элге маалымат беребиз.

Садыр Жапаров делегаттарды тандоого чиновниктер аралашпай турганын, буга тыюу салынганын эскертти.

Курултайга кимдер делегат болуп шайланып келе алышат деген суроо туулат. Курултайга делегаттарды жергиликтүү эл өздөрү шайлап жөнөтүшөт. Уюштуруу иштерин, делегат шайлоону жергиликтүү кеңештин депутаттары уюштурушат. Жергиликтүү элди чогултат. Ошол чогулушта эл өздөрү делегат шайлап беришет. Шайланган делегат Бишкекке курултайга келет. Ошондуктан эл-журт делегат шайлоого активдүү катышып бериңиздер. Айыл өкмөт, аким, президенттин өкүлдөрү делегат тандоо иштерине катышпайт. Тыюу салынат! Алардын катышпоосуна буйрук берилди. Мындан ары кандай гана курултай болбосун, мурдагыдай "дежур курултай" болбойт. Эл шайлаган делегаттар, келгиле. Ачык айтып, ак сүйлөп, сунушуңарды бергиле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7960