Президент Элдик курултайды өткөрүүнүн датасын белгиледи
RU

Президент Элдик курултайды өткөрүүнүн датасын белгиледи

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Ага ылайык, 25-ноябрда Бишкек шаарында биринчи Элдик курултай өтөт. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабарлашты.

Анда айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык жарандар мыйзамдарды, республикалык жана жергиликтүү маанидеги чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышууга укуктуу. Элдик курултай – коомдук-өкүлчүлүктүү, кеңеш берүүчү, байкоочу чогулуш, ал коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берет.

Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы бекитилди:

  • Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович – мамлекеттик катчы, уюштуруу комитетинин төрагасы;
  • Абдразаков Бейшенбек Токтобаевич – "Элдик курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
  • Абыкеев Чолпонбек – президентинин кеңешчиси, "Элдик курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси;
  • Бөрүбашов Бекбосун Ишенбекович – президентинин кеңешчиси, 2020-жылдагы Конституциялык кеңешменин төрагасы;
  • Айтиев Замирбек Каримович – президенттин администрациясынын жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти, уюштуруу комитетинин катчысы;
  • Алымбаев Абдрахман (Байас Турал) – "Элдик курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);
  • Арабаев Чолпонкул Исаевич – "Элдик курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);
  • Дүйшеев Кубанычбек Турдумамбетович – "Элдик курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);
  • Кошалиев Кадырали Амиракулович – "Элдик курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);
  • Райымкулов Билим Сардалбекович – Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
  • Жунушалиев Айбек Жанышбекович – президенттин администрациясынын жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
  • Укушов Мурат Каниметович – президенттин администрациясынын жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын жетекчиси;
  • Кожоев Мирбек Кокулбаевич – президенттин администрациясынын жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары – уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;
  • Туманбаев Каныбек Тургунбекович – президенттин иш башкаруучусу;
  • Алимбаев Абдикарим Карбекович – президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • Алымбаев Нурил Жайылбекович – президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • Жамалдинов Зиядин Исламович – президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • Нарбеков Бакытбек Наркулович – президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • Сыргабаев Абсаттар Токтогулович – президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • Сулайманов Алтынбек Турдубаевич – президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • Эргешов Алтынбек Калдарович – президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович – Бишкек шаарынын мэри;
  • Мамбетов Алмаз Ишенбекович – Ош шаарынын мэри.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7933