Операция аркылуу арыктайм деген келиндин окуясы. Тараптар элдешти
RU

Операция аркылуу арыктайм деген келиндин окуясы. Тараптар элдешти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте операция жолу менен арыктайм деген келиндин окуясы боюнча козголгон кылмыш иши токтотулду. Бишкек ШИИББдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, тараптар элдешкен.

"Бишкек ШИИББдин тергөө кызматына айыпталуучу Г.З`ны коргогон жактоочудан өтүнүч келип түшкөн. Анда тараптардын жарашуусу жана жабырлануучуга келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу келишиминин негизинде кылмыш ишин токтотуу өтүнүчү келтирилген. Мындан улам хирургга карата козголгон кылмыш иши токтотулду", - деп түшүндүрүштү башкармалыктан.

Эске салсак, июнь айынын аягында 40 жаштагы келин жеке клиникалардын биринде липосакция жасаткандан кийин оор абалда Улуттук госпиталга түшүп каза болгон. Анын жакындары операция учурунда аялдын ичегилери жабыркаган деп шектенип жатышат. Өлүм боюнча Бишкек ШИИББде тергөө иштери жүрүп, жеке клиниканын хирургу камакка алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8017