Операция аркылуу арыктайм деп каза тапкан келиндин окуясы. Хирург камакка алынды
RU

Операция аркылуу арыктайм деп каза тапкан келиндин окуясы. Хирург камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте липосакциядан кийин каза болгон 40 жаштагы Айдайга операция жасаган жеке менчик клиниканын хирургу СИЗОго киргизилди. Бул туурасында Kaktus.media сайтына өздүк булактар билдиришти.

Белгилүү болгондой, хирург 13-августка чейин камакта болот. Ал эми экспертизанын жыйынтыгы тууралуу маалымат кийинчерээк берилерин айтышты өздүк булактар.

Эске салсак, июнь айынын аягында 40 жаштагы келин жеке клиникалардын биринде липосакция жасаткандан кийин оор абалда Улуттук госпиталга түшүп каза болгону маалымдалган. Анын жакындары операция учурунда аялдын ичегилери жабыркаган деп шектенип жатышат. Өлүм боюнча Бишкек ШИИББде тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7561