Ысык-Көлдө унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр кирет. Себеби
RU

Ысык-Көлдө унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр кирет. Себеби

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылдын 25-26-августунда Ысык-Көл облусунун жолунда унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр кирет. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык бул күндөрү Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жана КМШ жана ЕАЭБ Жаштар форумунун жыйыны өтөт. Ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары, ошондой эле байкоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрү келишет.

Буга байланыштуу Ысык-Көл облусунда Тамчы айылындагы Ысык-Көл аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки каттамда, ошондой эле Чолпон-Ата-Кырчын багытында делегациялар өтүүчү маалда гана унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилип, жол боюнда кароосуз калтырылган унаалар эвакуацияланат.

ЖКККББ өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын мамлекеттик маанилүүлүгүн эске алуу менен, Ысык-Көл облусунун тургундарын жана конокторун чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле жасап, эрежелерди жана айдоо маданиятын сактоону, унааларды жол боюнда кароосуз калтырбоону жана каршы тилкелерге чыкпоону суранат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8053